Ош шаарында үйлөргө жылуулук качан берилери айтылды

Учурда үйлөрдөгү жылуулук түтүктөрүн текшерүү жана даярдоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ош шаарында 28-октябрдан тарта бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берилет. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.
Муниципалитет 22-октябрдан баштап облустук жана шаардык төрөт үйлөрүнө, 24-октябрдан тарта айрым социалдык объектилерге жылуулук берилгенин кошумчалаган. Учурда үйлөрдөгү жылуулук тармактарын текшерүү жана даярдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Энергетика министри быйыл атайын өчүрүүлөр болбой турганын айтты