Жекшембиде 21 саясатчы, активист кармалганы белгилүү болду. Тизме

Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалды. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.
Анын айтымында, 20 адам 48 саатка кармалып, Бишкектеги жана Чүйдөгү убактылуу кармоочу жайларына киргизилген. Алар: Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Жениш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов.
1 / 14

Эрлан Бекчоро уулу

2 / 14

Асия Сасыкбаева

3 / 14

Кеңешбек Дүйшөбаев

4 / 14

Рита Карасартова

5 / 14

Клара Сооронкулова

6 / 14

Азимбек Бекназаров

7 / 14

Жениш Молдокматов

8 / 14

Бектур Асанов

9 / 14

Гүлнара Журабаева

10 / 14

Равшан Жээнбеков

11 / 14

Улугбек Маматаев

12 / 14

Перизат Суранова

13 / 14

Чыңгыз Капар

14 / 14

Канат Исаев

Ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты, октябрь окуясы учурунда бир аз убакыт спикер болгон Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Мындан сырткары, журналист Канышай Мамыркулова Бишкек милициясына сурак берип чыккан.
Кечээ, 23-октябрда, милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн тинтүүгө алып, өздөрүн суракка алып кетип кайра чыгарган эмес. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу") боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.
Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаардык милициясынын, төрт райондук бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБинин убактылуу кармоочу жайларына киргизилген 18 жаран менен жолугуп, сүйлөшүп чыкканын белгиледи.
"Активисттер алардын үйүн тинтип, кармап жатканы Кемпир-Абад суу сактагычынын статусунун айланасындагы талкууга жана расмий бийликтин чечимин өзгөртүү боюнча боло турган иш-чараларга байланыштырды. Тинтүү учурунда укук коргоо органдары адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген мамиле жасаган. 10 жарандын жакын туугандарынын мүлкүн алып кетишкен, үчөөнүн үйүн тинтип жатканда видео, сүрөткө тартууга тоскоолдук кылышкан. Учурда баарына укуктук жардам көрсөтүлүүдө", — деп жазды Абдрахматова.
Мындан сырткары, ал өкмөт башчынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди аталган окуя боюнча кармалгандардын укугун коргоого чакырды. Ошондой эле күнөөсүздүк презумпциясынын жана тергөөнүн купуялуулугун бузууга жасалган ар кандай аракеттерге жол бербөөгө үндөдү.
Байсалов: мурунку кесиптештерим демократияны бурмалап жатышат