БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын наркы сентябрь айында 2 миллиард 276,5 миллион сомго азайды.
Улуттук банктын сайтындагы маалыматтар:
сентябрдын башында — 45 миллиард 758,7 миллион сом;
октябрдын башында — 43 миллиард 482,2 миллион сом.
Мындай төмөндөп кетүүнүн себеби айтылган эмес.
Дүйнөлүк баа менен салыштыруу үчүн Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксингин кароого болот. 1-сентябрда унцийи 1694,3 доллар турган. 1-октябрга карата маалыматтар жок. Бирок сентябрдын этегинде унций 1671,75 жана 3-октябрда 1668,4 турганын көрүүгө болот.
Мындайча айтканда, дүйнөлүк рынокто баалуу металлдын баасы төмөндөй түшкөн. Кыргызстанда доллардын расмий курсу 52 тыйынга арзандаганын да эске алуу керек.
Алтын корунун наркынын учурдагы көрсөткүчү өткөн жылдын октябрынан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.