Мите курттар адамдын канын азайтып, алсыратат. Адистин маеги

Ден соолук маанилүү экенин билгенибиз менен ага кам көрүү жолдорун биле бербейбиз. Көп оорулар жеке тазалыкты сактабагандыктан эле жугат. Алардын бири — мите курттар чакырган ар түрдүү дарттар. Арасында альвеококкоз курту организмди рак сымал жабыркатат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитология бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева болду. Биз адамдын ичиндеги курттардын кооптуулугу жана аны алдын алуу жолдору тууралуу кеп кылмакчыбыз.
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитология бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева
— Мите курттар эмнеден улам пайда болот?
— Бул курттар ден соолукка көп көйгөйлөрдү алып келет. Адамдын ичинде толтура мите курттар бар. Бизге белгилүү болгондордон энтеребиоз чүчөк курту, аскарида, тениоз, тениаринхоз курту эсептелинет. Тениоз — бул чочкодон жукса, тениаринхоз — уйда болот. Негизинен мите курттар үчкө бөлүнөт. Узун лента сымал курттар, жалпак курттардын түрү (гименолепидоз) жана жөнөкөйлөр тибинде бизге белгилүү болгон лямблия бар. Негизи бул үч типтеги паразиттердин баары эле балдарда көп кездешет. Эң эле жайылганы чүчөк курту (энтеробиоз — ред.). Бул энтеробиоз курту кичинекей балдарда 37 градуста өрчүп-өнүгүп баштайт жана өзүнөн өзү эле жугуп, улам көбөйө берет. Чүчөк курту көбүнчө эртең менен чыгат. Бала көчүгүн тырманганда шейшепке түшүп жана тырмактын астында жумурткалары калып калат да, колун чала жууп же жуубай эле бир нерсе жегенде оозго кирет. Ошентип кайрадан баланын ичинде көбөйөт.
— Оорунун кандай белгилери бар?
— Ар түрдүү мите курттун өзүнө тийиштүү клиникалык белгилери бар. Денесине тактар пайда болуп, ичи ооруп, котур сыяктуу кычышкан белгилердин баары эле мите курттардан улам экенин билүүгө болот. Кадимкидей табит ачылып, адам тамакты көп жесе да семирбейт. Баланын сабакка да көңүлү жок, кабыл алуу сезими ылдыйлап кетет. Эч нерсе уккусу келбей кыйкырып-бакырып сүйлөп калат, табы жок. Чүчөк курттан кийин эң эле жайылган тиби — аскарида. Ал лента сымал узун курт болгону менен жумуртка боюнча калгандары да бар. Бул тез чоңойгондо 25 сантиметрге чейин жетет. Аскарида жумуртка абалында организмден топуракка бөлүнүп чыгат же болбосо узун курт болуп тоголоктошуп бир органдын ичинде жайланышып калат. Ал эми тениоз, тениаринхоз курттары 25 сантиметрден 3-4 метрге чейин чоңоюп кетет. Кой сойгондо деле ичегисинен узун-узун курттар чыкканын көрүп калабыз. Мына ошол тениоз же тениаринхоз болуп саналат.
— Булар канча жашайт?
— Чочконун курту жети жыл, ал эми бодо малдын курту 10 жылдан 20 жылга чейин жашайт. Оору күчөгөн мезгилде заң менен кошо ак майда нерселер бөлүнүп чыгып турат. Психологиялык жактан да адам жакшы болбойт. Адамдар алсырап, көп нерсеге көңүлү келбей же ичи ооруйт. Кайсы жери ооруп жатканы белгисиз болуп эле кыйналып жүрө беришет. Сөзсүз арыкташат. Бирок чочко курту (тениоз) менен жабыркагандар тамакты көп жеп, табити ачылып, толуп кетет. Аскарида адамдын денесинде миграция болуп көчүп жүрө берип, денеден ичегиге кирет. Андан сыртка чыгат же топтошуп бир органда кала берет. Бул убакта сөзсүз адамдын гемоглабини түшөт. Кээ бирде бала алсырап, оорунун себеби табылбай кыйнайт.
Бир ирет Эне жана баланы коргоо борборуна барганыбызда гематология бөлүмүндө бою кичинекей 12 жашар кыз жатыптыр. Такыр баса албай калган кызды замбил менен текшерүүгө алып баратышкан экен. Анан эле көтөргөн балдар чарчап кетип замбилди койгондо, тиги кыз жерге кулап кетти. Карасак, мурдунан аскарида курттары чыгып калыптыр. Кээде ушундай учурлар болот. Бизге деле "ушинтип чыкты" деп мите курттарды алып келишет. Сөзсүз аныктап беребиз. Балдар менен иштеген мекемелердин кызматкерлери милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү керек. Алар заң тапшырат. Адамдын заңын микроскопко салып караганда мите курту бар бейтаптыкынан жумурткаларды көрүүгө болот.
Баланын гиперактивдүүлүгүн түйүлдүк кезинде алдын алууга болот. Неврологдун маеги
— Мындан кантип сактанууга болот?
— Негизинен гигиенаны сактоо керек. Балдарга колду таза жууганды, жер-жемишти сөзсүз түрдө жууп жегенди, карандаш, оюнчук өңдүү буюмдарды оозуна салбоону, тамак ичип жатканда телефон колдонбоону, ит-мышыктарды сылап ойнобоону үйрөтүү керек. Жабык, атайын дааратканага да баруу керек. Жер тамдын айрым жашоочулары үйдүн артына, огород жакка "отуруп" коюшат. Бул болбойт. Адамдын заңы менен кошо ар кандай мите курттардын жумурткасы түшөт. Ал эми огороддо клубника өңдүү жемиштер өсөт эмеспи. Ошол эле балдар кызарып бышып турган жемишти жуубай оозго салуусу мүмкүн. Же топурак менен ойношот. Ушинтип чынжырча түрүндө эле кайра ооруну жуктуруп жатабыз. Тамакка кошулган эт чала бышып калса да оору жугузат. Анткени малда да мите курттар көп. Токсоплазмоз курту мышыктарда болот, ошондуктан ага убагы менен дары берип туруу керек жана үй-бүлө мүчөлөрү да анализ тапшырып текшерилиши зарыл.
— Эң эле коркунучтуу паразиттер кайсылар?
— Гельментоздордун ичинен эң эле коркунучтуусу эхинококкоз оорусу болуп эсептелинет. Ал хирургиялык жол менен дарыланылат. Учурда өлкө боюнча 312 адам операция болсо, анын 64ү 14 жашка чейинки балдар. Бул эң эле оор дарт. Эхинококкоз оорусу иттен жугарын билбей аны сылап-сыйпап, коюн-колтук алышып жатып жугузуп алышат. Альвеококкоз оорусу да абдан коркунучтуу жана бейтап өмүр бою клиникада каттоодо турат. Эхинококкоз менен ооруган адамдар 3-5 жылга чейин каттоого алынса, альвеококкоз менен жабыркагандар өмүр бою көзөмөлдө болот. Себеби эхинококкоз ыйлаакча түрүндө өрчүсө, альвеококкоз рак сымал организмди жабыркатат. Мунун "паразиттик рак" деген да аталышы бар. Ал сырттагы жапайы жандыктардан жугат. Эхинококкоздун жумурткалары тышкы чөйрөгө абдан туруктуу. Андыктан өздүк гигиенага көңүл буруу маанилүү. Ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көмүп салуу сунуш кылынат. Андан тышкары, сөзсүз түрдө сууну кайнатып, жашылча-жемишти таза жууп жеш керек.
Биз жогоруда гельменттердин үч тибин гана санап өттүк. Айрымдардын мите курттардын кесепетинен улам ооруганын көрүп жаның кейип кетет. Ошонун баары билбестиктен. Оорудан сактануу — колду таза жуу өңдүү жөнөкөй нерседен башталат. Врач жиберсе да кээ бирлер анализ тапшырбай коёт же кайра текшерилишпейт. Ич кийимди, бет аарчыны үтүктөп колдонгон да пайда. Өзгөчө балдардыкын.
Мектептеги окуучуларга барып да анализ алып турушубуз керек. Айрым учурда ата-энелер "менин уруксатымсыз эмне үчүн баламдан анализ алып жатасыңар" деп өздөрү каршы болушат. Негизи санэпидемиология кызматы алдын ала эскертпей эле жайы-кышы анализ жасап турушу керек. Мектептердин, бала бакчалардын кум аянтчаларын да изилдөөдөн өткөрөбүз.
— Оорунун пайда болгондогу алгачкы белгилери кандай?
— Аскарида куртунда адамдын денеси кычышып, алы кетет. Лямблия куртунда жаш баланын денесине кызыл безеткилер чыгып кетет. Бирок бизде жарандар ооруканага барбай эле жүрө беришет. Айрым учурда ичи өтүп калат. Же бир жери оорумуш этип эле "ичим тап болуп жүрө бердим" деп даттанып келишет. Айрымдардын эске тутуусу начарлайт жана каны азайып, иштөө жөндөмдүүлүгү ылдыйлап кетет.
Ошол себептен ит, мышыкты байлап коюп, дары-дармек бергенден кийин заңын сөзсүз целлофанга чогултуп сырттагы дааратканага салып жиберүү керек. Негизинен колго багылган асыл тукум иттерди убагы менен ветеринарга алып барып турушат. Бизде дагы бир көйгөй жолбун иттерден улам жаралып жатат.
Кудай берген тишке эч нерсе жетпейт. Стоматолог импланттын пайда-зыяны тууралуу