БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги автоунаалар тууралуу маалыматтар камтылган Carcheck сервисиндеги айрым кызматтарына акы алууга ниеттенип жатат. Аталган буйруктун долбоору коомдук талкууга коюлду.
ИИМ транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алуунун каалаган жарандардын суроо-талабы өскөнүнө байланыштуу Carcheck тиркемесин модернизациялоо жана оптимизациялоо зарылчылыгы жаралганын белгиледи.
"Системаны техникалык жактан жакшыртууга жана тейлөөгө каражат талап кылынарына байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөнүүчү жана акысыз негизде жүргүзүү зарыл. Ал эми анын баасын Ички иштер министрлиги Монополияны жөнгө салуу агенттиги менен макулдашып, анан бекитет", — деп айтылат долбоордо.
Долбоордо төмөнкү кызматтар үчүн акы алуу сунушталууда:
автоунаанын рулу кайсы тарабында жайгашканы (оң/сол);
автоунаанын түсү;
автоунаанын камакта/күрөөдө турганы жөнүндө маалымат;
автоунаа ээлеринин тарыхы (канча колго өткөнү).
Сервиске кошумча дагы транспорттун сүрөтү жана канча чакырым айдалганы тууралуу да маалымат кошулуп, ага да акы алынат.
Ал эми автоунаанын үлгүсүн, моделин, чыгарылган жылын, кыймылдаткычынын көлөмүн, айып пулдарын, терезесин караңгылатууга уруксаты бар-жогун билүү мурдагыдай эле акысыз бойдон калат.
Carcheck сервиси кыргызстандыктар арасында көп колдонулуп келет. Өзгөчө жол эрежесин бузган учурда айдоочулар тууралуу маалымат алуу үчүн пайдаланышат.