Улан Примов Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп шайланды

Примов бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, жакында кызматын тапшырган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Улан Примов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Аны комитеттин жетекчиси кызматына 70 депутат "макул", бирөө "каршы" деген добуш берди.
Примов Алай округунан шайланып келип, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кирген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, жакында кызматын тапшырган болчу.
Бүгүн түштөн кийин Айдарбековго ишеним көрсөтпөө менен комитет төрагалыгынан артка чакыртып алуу сунушу добушка коюлган. Анда 42 депутат "макул", 17си "каршы" добуш берген. Спикер Нурлан Шакиев ал төрагалык орундан чакыртылды деп жарыялаган.
Кийин депутат Гуля Кожокулов анын кызматтан алынышы мыйзамсыз экенин айтты. Себеби регламент боюнча кеминде 50 депутат "макул" добуш бериш керек эле.
Жанар Акаев: өзү билемдик, жеке басар бийликке эч качан жол бербейбиз