БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек арага чектеш райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөргөнүн президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелери тууралуу кеп болуп, ал жердегилерге Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилген.
Мындан тышкары, чогулгандардын кызыктырган суроолоруна жооп алганы айтылды.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Келишимдин долбооруна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети макулдук берген.
Бул маселе боюнча жергиликтүү тургундар митингге чыгып, суу сактагычтын жерин коңшу мамлекетке берүүгө каршы болушууда.