Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин жаңы кошулган 4 облуска аскердик абал киргизди

Жарлык Федерация кеңешине токтоосуз жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россия президенти Коопсуздук кеңешинин жыйынында Херсон, Запорожье облустары менен ЛЭР жана ДЭРде аскердик абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.
РФ лидери аталган аймактарда өлкө курамына киргенге чейин эле аскердик абал өкүм сүрүп келгенин белгиледи.
"Азыр аны Россиянын мыйзамдарына дал келтирүү керек. Жарлык ушул максатты көздөйт", — деди Путин.
Анын айтымында, документ Федерация кеңешине (РФ парламентинин жогорку палатасы) бекитүү үчүн жөнөтүлөт, Мамлекеттик дума (РФ парламентинин төмөнкү палатасы) кабыл алынган чечим тууралуу кабардар болду.
Эскерте кетсек, Херсон, Запорожье облустары менен ЛЭР жана ДЭРдин Россиянын курамына кириши боюнча референдумдар 23-27-сентябрь күндөрү өткөн. Тургундардын басымдуу бөлүгү кошулууга макул болгон. 30-сентябрь күнү Путин Кремлде сүйлөп, төрт облустун жетекчилери менен тиешелүү документке кол коюу аземи өткөн. Андан кийин аталган аймактардын РФке кошулушун ратификациялаган федералдык мыйзамдарга кол койгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсондо кырдаал курч. Россия аймактагы жай тургундарды чыгарып кетери айтылды