Кыргызстанга 5 компьютердик томография алып келинди. Бөлүнгөн аймактар

Жаңы жабдуу дарыгерлерге бейтаптарды башка клиникаларга жибербестен ошол ооруканада кароого мүмкүнчүлүк берет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстан үчүн беш компьютердик томография сатып алынганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Диагностикалык жабдуу Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынган.
"Жабдуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарынын бириккен ооруканаларына бөлүштүрүлдү. Ал жактарда даярдык иштери соңуна чыгып, аппарат орнотулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы техника бейтаптарды бардык жагынан текшерүүгө шарт түзөт.
"Сатып алынган жабдуу дарыгерлерге бейтаптын илдетинин өрчүшүн байкап турууга жана башка клиникаларга жибербестен ошол ооруканада текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет" , — деди министрликтен.
Радио
Сагынбаев: өлкөдө дары чыгарган бирдиктүү ишкана ачылат