Байсалов Кемпир-Абад боюнча чечимге кол койбой жаткан Айдарбековду сындады

Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин толук документи көрсөтүлбөгөнү үчүн кол койбой жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду популисттик кылып жатат деп сындады.
Белгилей кетсек, Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин толук документи көрсөтүлбөй жатканы үчүн комитеттин чечимине кол койбой турганын билдирген. 10-октябрь күнү ал жетектеген комитет макулдашуунун долбоорун карап, алты депутат "макул", төртөө "каршы" добуш берген.
"Чыңгыз Айдарбеков каалашынча каршы добуш бере берсин, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү. Анда комитет мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү добушун берген. Анын курулай популисттик жана жоопкерчиликсиз позициясы бери дегенде эле компетентсиз экенинен кабар берет. Кандайдыр бир башка ою бар окшойт", — деп жазды Байсалов.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Өзгөндө курултайга чогулгандар тарады. Кемпир-Абад боюнча бийликке талаптары