Эксперт мессенджердеги жазышууну кантип коргоо керектигин түшүндүрдү

IT-адис эки факторлуу аутентификацияны колдонууга кеңеш берди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Мессенджердеги жазышууларды коргоо үчүн кайсы эрежелерди билүү керек экенин "Прайм" агенттигине IT-адис Александр Новиков айтып берди.
Мисалы, Telegram мессенджеринде эки факторлуу аутентификацияны колдонууга болот. Мында аккаунтка башка телефондон (компьютерден) киргенде сыр сөздү сурайт. Ошондой эле ээсине анын аккаунтуна бирөө кирүү аракетин көрүп жатканы боюнча билдирүү жиберет.
Мындан сырткары, Telegram мессенджериндеги кат алышууну "жашыруун баарлашуу" кызматын түзүү менен коргоого болот. Мында чаттагы жазышуулар кайсы бир убакта автоматтык түрдө өчөт, ошондой эле каттарды башкаларга жиберип же скриншот жасабагыдай кылып койсо болот.
Андан тышкары, тиркемеге кирерде өзүнчө сыр сөз орнотуп коюуга болот.
Пресс-борбор
Канткенде Telegram-каналды ийгиликтүү иштетип кетсе болот? Адистин кеңеши