Россия менен экономикалык согушта АКШга кайсы жагдай коркунуч жаратат?

Колумнист мунун кесепети алдыңкы он жылдын аралыгында сезилиши мүмкүндүгүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россия менен экономикалык согуш АКШнын дүйнөгө каржылык таасирин жоготууга алып келет. Бул тууралуу америкалык журналист жана колумнист Фарид Закария The Washington Post гезитине жазганын РИА Новости билдирди.
Автор Батыштын жамааттык түрдө Россияга каршы глобалдык экономикалык согуш ачканынын кесепети алдыңкы он жылдын аралыгында сезилиши мүмкүндүгүн белгилеген.
"Учурда биз улуу державалардын атаандашуусу, улуттук экономика жана технологиялык бөлүштүрүү доорунда жашап жатабыз. Жадагалса АКШ үчүн дагы жаңы экономикалык согуштун тобокелчиликтери өзөктүк куралдар эмес", — деп жазган Закария.
Анын айтымында, Вашингтон үчүн негизги кооптуулук — глобалдык экономикалык согушту доллардын уникалдуу статусун колдонуп көп учурда жалгыз жүргүзүп жатканы.
Ошол эле учурда Сауд Арабиясы жана башка Перси булуңундагы мамлекеттер, Индия, Түркия, Индонезия, Кытай сыяктуу көптөгөн ири өлкөлөр америкалык валютанын көзөмөлүнөн чыгып кетүүгө далалат кылып жатканын эскерткен.
Журналисттин пикиринде, АКШ президенти Жозеф Байден бул куралды Россия тараптан мурда болбогон чакырыктар жасалганы үчүн гана колдонуп жатканын, жөнөкөй кырдаалда мындай кадамга барбастыгын жарыялаш керек. Болбосо АКШ дүйнөлүк резервдик валютага болгон таасирин жоготуп алышы мүмкүн деп эсептейт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытайда Россиясыз Европа кандай кыйналары айтылды