Бишкекте сөз эркиндигине арналган жүрүш болду. Видео

Жүрүшкө чыккандар Эркиндик бульвары менен басып борбордук аянтка чейин келишти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкекте сөз эркиндигин чектөөгө жол берилбесин деген талап менен 60ка чукул адам жүрүшкө чыкты.
Буга айрым саясатчылар Кыргызстандагы үч ЖМКны жабууга аракет кылып жатканы себеп болду. Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинен баштап, Эркиндик бульвары менен басып "Ала-Тоо" аянтына чейин келишти.
1 / 5

Бишкекте сөз эркиндигин чектөөгө жол берилбесин деген талап менен 60ка чукул адам жүрүшкө чыкты

2 / 5

Буга айрым саясатчылар Кыргызстандагы үч ЖМКны жабууга аракет кылып жатканы себеп болду

3 / 5

Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинен баштап, Эркиндик бульвары менен басып "Ала-Тоо" аянтына чейин келишти

4 / 5

Белгилей кетсек, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Азаттык", Kloop жана Kaktus медиаларын жабуу үчүн президентке кайрылуу даярдап, ага эл өкүлдөрүнөн кол чогултуп жатканы белгилүү болду

5 / 5

Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев айткан, бирок Нарматова аны четке кагууда. Кечээ "Азаттык" радиосунун кеңсесинин алдында 20 чакты адам митинг өткөрдү.

Белгилей кетсек, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Азаттык", Kloop жана Kaktus медиаларын жабуу үчүн президентке кайрылуу даярдап, ага эл өкүлдөрүнөн кол чогултуп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев айткан, бирок Нарматова аны четке кагууда. Кечээ "Азаттык" радиосунун кеңсесинин алдында 20 чакты адам митинг өткөрдү. Алар чет элдик агент жөнүндө мыйзам кабыл алууну, "Азаттык", Kloop жана Kaktus медиаларын жабууну талап кылышкан.
Жети депутат фейктер жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады. Эмне камтылган?