Вице-спикерликтен кеткен Примовдун ордуна Азыгалиев сунушталат

Төраганын орун басарын шайлоо 14:00дөн кийин башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Вице-спикерликтен кеткен Улан Примовдун ордуна Нурланбек Азыгалиевдин талапкерлиги сунушталат.
Аны бир мандаттуу округдардан шайланып келген "Элдик" депутаттар тобу көрсөтөрү белгилүү болду. Маалыматты бир нече депутат тастыктады.
"Элдик" топ азырынча расмий түрдө билдире элек, төраганын орун басарын шайлоо 14:00дөн кийин башталат.
Нурланбек Азыгалиев бир мандаттуу №22 Жайыл шайлоо округунан шайланган. Ал VII чакырылыш жаңыдан вице-спикер шайлап жатканда дагы талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган.
Парламентте үч вице-спикерди тең кызматтан кетирүү сунушталды