Кыргызстан Түркиядан пилотсуз учкан Bayraktar Akıncı техникасын алды

Кыргызстан Түркиядан 2021-жылы пилотсуз учуучу "Байрактар" аппараттарын сатып алган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан Түркиядан Bayraktar Akıncı ("Байрактар Акынжы") деп аталган кубаттуу пилотсуз учкан техника алды. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Акынжы" — дрон менен сокку ура турган артыкчылыкка ээ кубаттуу курал. Бул техника 2001-жылы Түркиянын Аскер-аба күчтөрүнүн куралдарынын катарына киргизилген.
Эске салсак, Кыргызстан Түркиядан буга чейин, тагыраагы, 2021-жылдын декабрында пилотсуз учуучу "Байрактар" аппараттарын сатып алган.
Садыр Жапаров пилотсуз учкан "Байрактарды" башкаруу базасын ачты. Сүрөт