БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиев Ала-Арча жаратылыш паркында кыскача этномаданий программа менен таанышканын мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 11-октябрь күнү башталган.
Паркка келген өлкө лидерлерин 12 баатыр жана акындар тосуп алды. Кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, президенттер кыргыз элинин улуттук каада-салты, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу усталардын устаканасы, улуттук шырдак, килемдерин көрүп чыгышты.
"Ардактуу меймандар үчүн тамак-аштан даам татуу, улуттук азык-түлүк көргөзмөсү жана "Аталар изи" кыргыз улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле мамлекет башчыларына бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу салбуурун аң уулоонун элементтери көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Этномаданий программа Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы элдик ырлар жана музыка менен коштолду.
Мамлекеттик сапар бүгүн аяктайт.