БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын 800 миңден ашык жараны кеминде 11 мамлекетте эмгектенет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Министрликтин маалымат кызматы мекендештердин көбү кайсы мамлекеттерде иштээрин айтып, сандарды келтирди:
Россия — 680,5 миңдей адам;
Түркия — 35 миң;
Казакстан — 35 миң;
АКШ, Канада — 26 миң;
Германия, Польша — 11,2 миң;
Түштүк Корея — 6,4 миң;
Өзбекстан — 5 миң;
БАЭ — 5 миң;
Улуу Британия — 3 миң.