Нанды тоңдурулгандан кийин жеген пайдалуу экени айтылды

Адистин айтымында, азык тоңдурулганда организмде жай сиңе турчу крахмал пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Нанды тоңдуруп сактап коюп жесе ден соолукка пайдалуу. Бул тууралуу Sputnik радиосуна "Живая еда" автордук программасынын алып баруучусу Сергей Малоземов айтып берди.

"Нан тоңдурулганда катуу бир крахмал пайда болот. Ал организмде жай сиңет, башкача айтканда, кандагы канттын деңгээлин көтөрүп жибербейт", — деген ал.

Адис нандан сырткары крахмалга бай башка азыктарды да тоңдурууга кеңеш берди. Мисалы, күрүч жана картошканы сууга бышыргандан кийин муздаткычка салып койгон оң. Бул азыктарды эртеси күнү жесе ден соолукка көбүрөөк пайдалуу.
Нан, күрүч жана картошка адатта салмак коштуруп, диабети барларга зыянын тийгизе турганын кошумчалады.
Эртең мененки тамак кандай болушу керек. Нутрициологдун кеңеши