Уруштура албай жаткан топтор бар. Жапаров Ташиев менен мамилеси тууралуу

Президент эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштер жасалбаса болду деди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "бийлик талашып жатат" деген сөздөргө президент өзү жооп берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек курган.

"Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм. Экинчиден, "бийлик талашып жатат" деген сөз калп. Мен кандай буйрук берсем дал ошондой, кыйшаюусуз аткарат. Анткени жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот", — деди өлкө башчы.

Жапаров аны Ташиев менен уруштургусу келгендер бар экенин айткан.
"Экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип жатат, Ташиев президент болгусу келип жатат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып, Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча отурсам, Ташиев дагы ошончо отурат. Эң негизгиси, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду", — деген президент.
Буга чейин Жапаров Ташиевдин ЖКга курал алып келгени тууралуу пикирин айткан.
Ташиев колдоду. Сатыбалдиев эмнеге "Ата-Журт Кыргызстандан" чыкканын айтты