БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров төрт министрди дайындоо жарлыгына кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Бүгүндөн баштап алар кызматка расмий киришти.
Жаңы дайындалган министрлер:
билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
энергетика министри Таалайбек Ибраев;
транспорт министри Тилек Текебаев.
Аталган аткаминерлердин министр болушуна кечээ, 6-октябрда, Жогорку Кеңеш макулдук берген.