ЖМК: Украинанын НАТОго кошулушу АКШга жакшылык алып келбейт

Владимир Зеленский 30-сентябрда Киев НАТОго тез арада кирүүгө арыз бергенин маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Украинанын НАТОго кошулушу АКШга жакшылык алып келбейт. Бул тууралуу Ирактагы согуштун ардагери, Stand Together фондунун тышкы саясат боюнча тобунун вице-президенти Дэн Колдуэллдин The Federalist гезитине жазган макаласында айтылган.
"Инфляция рекорддук көрсөткүчкө, мамлекеттик карыз 30 триллион долларга жетип, Кытай тараптан коркунуч тооруп турган маалда НАТОну кеңейтүүгө ондогон миллиарддарды коротуу болбогон нерсе", — деп жазган автор.
Колдуэлл Украинанын НАТОго кошулушу АКШ үчүн кымбатка туруп каларын, баштапкы чыгымдар эле 27 миллиард долларга чейин жетерин эскерткен. Макаланын автору альянска өтө берилгендик акылдан адаштырарын белгилөөдө.
Украина президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда Киев НАТОго тез арада кирүүгө арыз бергенин маалымдаган. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан муну беймаал жасалган кадам деп атаса, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг жаңы өлкөлөрдү альянска кошуу чечимин уюмдун бардык мүчөлөрү кеңешип, бир пикирге келген соң гана кабыл аларын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Экс-сенатор: АКШ Украинадагы согушка элинин каалоосуна каршы катышууда