3,5 млн. сомдук жерди 326 миң сомго сатты деген айыл өкмөт башчысына иш козголду

Мыйзамсыз берилген жер сот аркылуу кайра муниципалитеттин балансына өткөрүлгөн. Азыр анын баасы 10 миллион 455 миң 600 сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Чүйдө 3,5 миллион сомдук жер тилкесин 326 миң сомго сатып жиберген айыл өкмөт башчысы кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жайыл районунун прокуратура кызматкерлери Талды-Булак айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

"Анда Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А. кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзам талаптарын бузуу менен Т.К. аттуу жаранга 1,29 гектар жер тилкесин аукцион аркылуу арзандатылган баада, тагыраагы, 326 миң 370 сомго сатып жибергени аныкталган. "НЦН" бейөкмөт экспертиза уюмунун корутундусу боюнча, бул жер тилкенин баасы 3 миллион 503 миң 521 сомдук экени маалым болгон. Мындан улам мамлекетке 3 миллион 177 миң 151 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Ошондой эле сатылган жерди кайра мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура сотко доо арыз келтирип, ал толук канааттандырылган жана жер муниципалитеттин балансына кабыл алынган. Азыр ал жердин баасы 10 миллион 455 миң 600 сомду түзөт.
Бишкек мэриясында иштегендер автобус алууда 154,8 млн. сом зыян келтирген