Жогорку Кеңеш төрт талапкердин министр болушуна макулдук берди

Министр болчу талапкерлер президент тарабынан сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш төрт талапкердин министр болушуна макулдук берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
Билим берүү жана илим министрлигине Уланбек Мамбетакунов — макул 76, каршы 2;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Алтынбек Максутов — макул 72, каршы 2;
Энергетика министрлигине Таалайбек Ибраев — макул 73, каршы 2;
Транспорт министрлигине Тилек Текебаев — макул 72, каршы 2;
Бүгүн эртең менен талапкерлерди президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов алып келгенде депутаттар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келишин талап кылып, залдан чыгарып салышкан.
Түштөн кийин өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев келип, бул процедура кайрадан башталган. Талапкерлерге 53 депутат суроо берди.
Мамбетакунов, Максутов, Ибраев жана Текебаев президент дайындоо жарлыгына кол койгондон кийин кызматка расмий киришет.
Балбак Түлөбаев министр болчу талапкерлерге камалып кетпөө үчүн кеңеш айтты