Билим берүү министри болчу Мамбетакунов 12 жылдык окуу боюнча пикирин айтты

Мындай сунуш экс-министр Алмазбек Бейшеналиевдин тушунда демилгеленген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Уланбек Мамбетакунов 12 жылдык окуу боюнча пикирин айтты.
Анын талапкерлиги парламентте каралып жатканда депутат Алишер Эрбаев бул демилге боюнча көз карашын сурады.
"12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча даярдык көрүп жатабыз. Бир же эки жылдан кийин деп так айта албайбыз азыр. Окуу каражаттары даяр болгондо, мамлекеттик билим берүү стандарты кайра каралып чыкканда киргизилет. Бул маселени башында эле министрлик менен биргеликте талкуулаганбыз, министрлик менен оюбуз бир", — деди Мамбетакунов.
Белгилей кетсек, экс-министр Алмазбек Бейшеналиев 12 жылдык окууга өтүүнү демилгелеп, артыкчылыктарын айткан. Министрлик бул системага өтүүгө даяр экенин билдирип, ал ишке ашып калса бала бакчалардын жүгү кыйла азаярын белгилеген.
Кыргызстан 12 жылдык окууга өтүшү керекпи? Демилгенин күнгөй-тескейи