БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Баден-Вюртембергдин 23 муниципалитетинин жетекчилери Германиянын ички иштер министри Нэнси Фрезерден украиналык качкындарды камсыздоо үчүн каржылык жардам сурашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Анда белгиленгендей, жардам өтүнүчү боюнча жазылган кат министрге сентябрь айынын аягында жөнөтүлгөн. Катта жергиликтүү администрация башчылары качкындарга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшашканын, азыр кооптуу абалда турушканын жазышкан.
Украиналык качкындардын көбү муниципалитетте жана алардын иммиграциялык кызматтарында жатышат, жашай турган жайлар жетишсиз. Ошентсе да келген качкындардын саны күн сайын өсүүдө. "Жарга такалып калдык, биз коркунучтуу чекке жеттик", — деп билдиришкен жергиликтүү бийлик жетекчилери.
"Муниципалитеттерди ширеси сыгылган лимонго окшоштурса болот. Биз бул жолу "жөн эле арызданып жатышат, аягында өздөрү кандайдыр бир жол таап, абалдан чыгышат" дегенге караманча каршыбыз", — дешкен Баден-Вюртембергдин бургомистрлери.
Мындай абал Германиянын башка шаарларында дагы байкалууда, көптөгөн муниципалитеттер болгон аракетинин баарын көрүшкөн. Германия өкмөтү алдыда качкындардын саны дагы көбөйөт деп болжолдоп жатат.
"Украинадагы жаңжалдан качып келгендердин ар бири биздин жардамга муктаж. Бирок баш паанек издегендерди жайгаштыруу ишине келгенде федералдык өкмөт менен федералдык жерлердин өкмөттөрү арасында тыгыз координация керек ", — деди Немец шаарлары ассоциациясынын төрагасы жана Мюнстер шаарынын мэри Маркус Леве. Ал муниципалитеттерге азыр баарынан да акча керек болуп жатканын белгилеген.
БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын маалыматы боюнча, 24-февралдан 30-августка чейин Европа өлкөлөрүнө Украинадан 7 миллиондон ашык качкын келген.