Үч фракция менен бир топ Нурлан Шакиевди ЖК төрагалыгына көрсөттү

Буга чейин Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери болуп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы кызмат ордуна Нурлан Шакиевдин талапкерлиги сунушталды.
Аны "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөтүп, "Ишеним", "Альянс" фракциялары менен "Элдик" тобу колдогон.
Буга чейин Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери болуп турган.
Мурдагы спикер Талант Мамытов бүгүн кызматтан кетип, ага чек ара маселеси боюнча жабык жыйындагы чуу себеп болгонун айтты. Ал катардагы депутат бойдон калат.
Депутаттар жаңы төраганы бүгүн эле шайлай турган болду