Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасында бронежилет кийген жоокердин денесинин калдыктары табылды

Генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин Чек ара кызматы Дастан Анарбековду издөөнү улантат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бронежилет кийген аскердин денесинин калдыктары табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сөөктүн 90 пайыздан ашыгы жабыркаган. Мындан улам анын ким экенин аныктоо максатында дененин калдыктары соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
"Экспертиза табылган сөөк буга чейин изделип жаткан лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарган. Бирок мындай корутундуга Анарбековдун туугандары макул болгон жок. Мындан улам алардын туугандык байланышын аныктоо үчүн керектүү материалдар ДНК-тесттен өткөрүү үчүн Казакстандын лабораториясына жөнөтүүгө даярдалды", — деп жазылат маалыматта.
ДНК-тесттин жыйынтыгы чыккан соң көз жумган аскердин ата-эне, жакындарына кошумча маалымат берилери айтылды. Ага чейин Чек ара кызматы Дастан Анарбековду издөөнү улантары кошумчаланды.
Дастан Анарбеков
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан бери кыргызстандык аскер Дастан Анарбековдун дайыны чыкпай жатат. Мындан улам анын апасы Сауле Иманалиева президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, уулун издөө иштерин жеке көзөмөлгө алуусун өтүнгөн.
Маалым болгондой, чек арадагы чырдан көз жумгандардын саны ушуну менен 63 болду.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ок тийген мойнун тигип, жарадар жоокерди куткарам деп курман болгон Медетбек