Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдума ДЭР, ЛЭР жана эки облустун РФке киришин ратификациялады

30-сентябрда РФ лидери Владимир Путин жана аймактардын жетекчилери Россиянын курамына кирүү боюнча келишимге кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Мамлекеттик Дума бир добуштан ДЭР, ЛЭР жана Запорожье, Херсон облустарынын Россиянын курамына кирген келишимдерин ратификация кылды. Бул туурасында "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram каналы жарыялады.
Эске салсак, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
30-сентябрда РФ лидери Владимир Путин жана аймактардын жетекчилери Кремлде Россиянын курамына кирүү боюнча келишимге кол койгон. Андан соң РФтин Конституциялык соту бул документттердин Баш мыйзамга туура келерин тааныган.
Документке ылайык:
ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын башка өлкөлөр менен болгон чек аралары эми Россиянын мамлекеттик чек арасы болуп саналат;
2026-жылдын 1-январына чейинки убакыт бул жерлерде аскердик милдет жана аскердик кызмат маселелерин чечүү боюнча өткөөл мезгил болуп эсептелет;
ушул эле мезгил ичинде жаңы аймактарды Россиянын экономикалык, каржылык, кредиттик жана укуктук системасына кошуу маселелери чечилип калышы керек. Буга бийлик органдарындагы система да кирет;
жаңы аймакта россиялык мыйзамдар жана башка укуктук ченем актылары алар РФтин курамына киргенден тарта иштеп баштайт;
эгерде алар РФтин Баш мыйзамына каршы келсе, Херсон жана Запорожье облустарынын укуктук-ченемдик актылары колдонулбайт,
ДЭР, ЛЭРдин расмий документтери өткөөл мезгил аягына чыкканга же россиялык тиешелүү укуктук актылар кабыл алынганга чейин иштеп турат;
ДЭР, ЛЭР өкмөттөрү республика жетекчилеринин жаңы убактылуу министрлер кабинеттери түзүлгөнгө чейин иштей берет. Херсон жана Запорожье облустарынын өкмөттөрү россиялык мыйзамдарга ылайык, губернаторлордун милдетин аткаруучуларды дайындашы керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кошулган аймактардын башка өлкөлөр менен чеги РФтин чек арасы болуп саналат