Отуруп иштегендер экзомассажды кандай кылып алганы туура? Адистин кеңеши

Белин кармап турган аял. Архив
Экзомассаж — заманбап укалоо. Ал аппараттын жардамы менен жасалат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кеңседе иштегендер бир орундан жылбай, кыймылдабай отура бергендиктен денеси уюп калат. Ошол себептен аларга массаж, экзомассаж сунуш кылынат. Бул тууралуу терапевт, врач Жылдыз Смагулова билдирди.
Адис экзомассаж кандай болорун түшүндүрүп, аны кеңседе отургандар кандай кылып алса болорун айтты.
"Экзомассаж — заманбап укалоо. Ал аппараттын жардамы менен жасалат. Кол менен укалоого караганда абдан натыйжалуу. 10 мүнөт жасалат. Ошол аралыкта колдун учунан буттун манжасына чейин бардык органдарга таасир этет. Организмдеги тырышкан спазмаларды жакшы кетирет, булчуңдарды иштете баштайт. Өзүнчө тренажер болуп да саналат. Бизге отуруп иштеген кызматкерлер көп келет. Укалоодон кийин эле жеңилдеп, жыргап калганын айтышат. Дарылоо курсу он күн. Андан кийин дененин тырышканы, организмдеги түйүлгөн оорулар кетет. Моюн омурткалары тырышпай бошоп, дене бою жазылып, жеңилдейт", — деген медик.
Дарыгер бул массаждын зыяны жок экенин айтып, айрым адамдар бир ай толук аларын кошумчалаган. Ошондой эле экзомассаждан жарым жылда бир өтүп койсо болорун белгилеген.
Терапевттин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Офистеги кызматкерлер. Архив
Дарыгер эмнеге кеңсе жумушу адамды стресске кептей турганын айтты