БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги кийинки жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Борбор калаа Бишкекте дүйшөмбү күнү күн ачык болот, шейшембиде жамгыр жаашы мүмкүн. Шаршемби жана бейшембиде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Жума жана ишембиде кайрадан күн ачылат.
Чүй облусу
3-5-октябрь күндөрү айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
6-7-октябрда тоолуу райондордо жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Жуманын аягы, 8-октябрда, жаан-чачын күтүлбөйт.
Талас облусу
3-5-октябрь күндөрү айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылды.
6-7-октябрда тоолуу райондордо жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Жуманын соңунда, 8-октябрда, жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош облусу
3-4-октябрда айрым жерлерде жаан жааса, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
5-октябрда асман ачык турат.
6-7-октябрда тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
8-октябрда күн ачык болот.
Жалал-Абад облусу
3-октябрда айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
4-октябрдан 7сине чейин тоо этектеринде жана тоолордо жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ал эми өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
8-октябрда жаан-чачын болбойт.
Баткен облусу
3-октябрда айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт.
4-5-октябрда асман ачык болуп турат. Ал эми 6-7-октябрда кайра күндүн көзү бузулуп, тоо этектеринде жана тоолордо жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.
8-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
Дүйшөмбүдөн жумага чейин айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ишембиде жаан-чачын болбойт.