Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын курамына жаңы төрт аймакты кабыл алган келишимге Кремлде кол коюлду

Сентябрдын акыркы күнү Россиянын курамына төрт жаңы субъект — ДЭР, ЛЭР жана Херсон, Запорожье облустары кирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кремлде Донецк Элдик Республикасынын, Луганск Элдик Республикасынын жана Херсон, Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу боюнча тарыхый келишимге кол коюлду.
Ошентип, референдумдан кийин РФСЧЯте дагы жаңы төрт субъект пайда болду.
Россия тараптан президент Владимир Путин, ал эми бошотулган аймактардын жетекчилери кол койду.
Эске салсак, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия Советтер Союзун кайрадан курууга умтулбайт