Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россия Советтер Союзун кайрадан курууга умтулбайт

Кремлдин чоң сарайында ДЭР, ЛЭР жана Херсон, Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу боюнча келишимге кол коюу аземи болду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россия Советтер Союзун кайрадан курууга умтулбайт. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин РФтин курамына жаңы төрт аймакты кабыл алуу боюнча келишимге кол коюуга арналган аземде сүйлөп жатып айтты.
РФ лидери 1991-жылы Беловежская пущасында ал кездеги партиялык элиталар элдин эркин сурабай, СССРди кулатуу чечимин кабыл алып, кишилер көз ачып-жумганча эле өзүнүн мекенинен ажырап, анын сыртында калганын айткан.

"Бул биздин элдин жалпылыгын бөлөк-бөлөк кылып, улуттук катастрофага айланды. […] Бирок Советтер Союзу жок. Өткөн нерсени кайрый албайсың, эми анын Россияга кереги да жок. Биз буга умтулбайбыз деле. Бирок маданияты, салт-санаасы, тили, ишеними жагынан өздөрүн Россиянын бир бөлүгү деп эсептеген миллиондогон эл үчүн чечкиндүүлүктөн өткөн күчтүү эч нерсе жок", — деген Путин.

Эске салсак, учурда Кремлдин чоң сарайында ДЭР, ЛЭР жана Херсон, Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу боюнча келишимге кол коюу аземи өттү. ДЭР, ЛЭР жана Херсон, Запорожье облустары Россия Федерациясынын курамына кошулду. Андан соң Путин бошотулган аймактардын жетекчилери менен жолугат.
ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
Небензя БУУда Донбасс менен эки облустагы референдум ачык-айкын өткөнүн айтты