Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сальдо: Херсон облусундагы референдум бардык эрежеге ылайык өттү

ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Херсон облустук администрациясынын башчысы Владимир Сальдо Владимир Путинге кайрылуусунда региондогу референдум бекитилген жалпы принциптерге, эл аралык эрежелерге ылайык өткөндүгүн билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
"Херсон облусунун Россиянын курамына кириши боюнча өткөн референдумга биздин аймактын элинин 87 пайызы тарыхый мекенине кошулууга макулдугун билдирди. Референдум бекитилген жалпы принциптерге, эл аралык эрежелерге ылайык өткөндүгүн эске салып кетмекчимин", — деп айтылган Сальдонун Telegram каналга жарыялаган билдирүүсүндө.
Ал ар кыл өлкөлөрдөн байкоочулар келип мыйзамдуу, ачык өткөндүгүн айтканын белгилеп, "референдумдун жыйынтыгы эч кимдин шектенүүсүн жаратпайт" деген пикирин билдирген.
"БУУнун уставында ар бир элдин мамлекеттүүлүк формасын өз алдынча чечкенге укуктуу экендиги белгиленген принцип бар. Андыктан "биздин аймакта өткөн референдум толук мыйзамдуу", — деген Сальдо.
ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык:
Херсон облусу — 87,05 пайыз;
Запорожье облусу — 93,11 пайыз;
ДЭР — 99,23 пайыз;
ЛЭР — 98,42 пайыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пушилин ДЭРдин конституциялык аймактарынын бардыгын бошотууга убада берди