Депутаттар 19 тонна алтындын чыгарылышын иликтөө үчүн комиссия түздү. Тизме

Комиссия бир жарым айдын аралыгында маселени изилдеп чыгып, Жогорку Кеңешке маалымат берет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Парламентте "Кумтөр голд компани" ишканасынын айланасындагы чууну иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.
Анын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирди:
"Альянс" фракциясы — Жанар Акаев, Нилуфар Алимжанова;
"Ынтымак" — Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев;
"Бүтүн Кыргызстан" — Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев;
"Ата-Журт Кыргызстан" — Нурлан Шакиев, Надира Нарматова;
"Ишеним" — Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов;
"Элдик топ" — Максат Сарыбагышев, Арсланбек Малиев;
Эркин депутаттар — Шайлообек Атазов.
Комиссия бир жарым айдын аралыгында маселени изилдеп чыгып, парламентке маалымат берет.
Белгилей кетсек, Кумтөрдөн казылган 19,2 тонна алтындын аты аталбаган өлкөлөргө сатылышы тууралуу чуу чыккан. Андан тышкары, "Кумтөр голд компани" ишканасынын директору Теңиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура компанияда коррупциялык схема түзүлүп мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.
Протоколдорду жокко чыгаралы! Айжигитов постторду алуунун кесепетин түшүндүрдү