Адам какаганда көрсөтүлчү алгачкы жардам тизмектелди

Адам Тез жардам кызматы келгенге чейин эс-учун жоготуп жатса, ага жүрөк-өпкө реанимациясын жасоо керек.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору адам какап кеткен учурда кандай жардам көрсөтүү керек экенин айтып берди.
Эгерде жабыркаган адам эс-учун жоготпосо аны жөтөлтүүгө аракет кылуу керек. Катуу жөтөлгөн учурда такалып калган нерсе чыгып кетиши мүмкүн;
Адамдын башын ылдый каратып, далыга беш жолу чабыш керек. Бул учурда жабырлануучуну аркасынан кармап турган оң;
Жабырланган адамдын артына өтүп, курсагынан өйдөрөөк кучактап, алдыга карай бир аз эңкейтүү керек. Киндик менен көкүрөктүн ортосуна чаап туруп, бир нерсени өйдө көтөрүп жаткандай муштумду көкүрөктү көздөй сызып көтөрүү зарыл.
"Бул аракеттерди беш жолу кайталаңыз. Эгерде такалып калган зат чыкпаса, бирок адам эс-учун жоготпосо, аны тез аранын ичинде ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнө жеткириңиз. Эс-учун жоготуп баратса, Тез жардам кызматы келгенге чейин жүрөк-өпкө реанимациясын жасоо абзел", — деп айтылат борбордун кеңешинде.
Дарыгер отуруп иштеген адамдар ден соолугун кантип сактап калса болорун айтты