БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Запорожье облусунун башчысы Евгений Балицкий Россия президенти Владимир Путинге кайрылып, аталган аймакты РФтин курамына кабыл алууну суранды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Запорожье облусу Россия Федерациясына Запорожьени өзүнүн аймагына кабыл алуу сунушу менен кайрылат. РФ менен жаңы субъект катары аталган аймактын ортосунда аны Россияга кабыл алуу боюнча эл аралык келишим түзүүнү сунуштайт", — деп айтылган.
Кайрылууда ойлонуу, сөз эркиндиги жана дин тутуу түп-тамырынан борборлоштурулган баалуулуктардан улам жок болуп кетүү коркунучунда тургандыгы айтылып, андыктан аталган аймактын РФ менен бирге болуу зарылдыгы белгиленген.
"Биз, Запорожье эли, тынчтыкты, коопсуздукту, мыйзамдын үстөмдүгүн, адам укугунун, эркиндигинин сакталышын камсыздоо максатында Россия Федерациясы менен бир мамлекет болууну каалайбыз", — деп айтылган кайрылууда.
ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.