Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бүгүн — референдумдун акыркы күнү. Сандар

Донбасста жана дагы эки облуста жалпы элдик добуш берүү 23-сентябрда башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бүгүн — Донбасстагы жана бошотулган аймактардагы Россияга кошулуу үчүн жүрүп жаткан референдумдун акыркы күнү.
БШК учурда добуш берүү боюнча бардык участоктор ачылып ишин баштаганын айтты.
Референдумдун буга чейинки жыйынтыгы боюнча маалымат төмөнкүдөй:
Донецк Эл Республикасы — 86,89 пайыз;
Луганск Эл Республикасы — 83,61 пайыз;
Запорожье облусу — 66,43 пайыз;
Херсон облусу — 63,58 пайыз.
Эске салсак, Россияга кошулуу каалоосун биринчилерден болуп ЛЭР билдирген. ЛЭР менен катар эле РФке кошулуу ниетин ДЭРдин Коомдук палатасы билдирген. Аталган республиканын бир бөлүгү, анын ичинде Славянск, Краматорск шаарлары азырынча Киевдин көзөмөлүндө. Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин ДЭРди толугу менен бошотуу атайын операциянын негизги максаттарынын бири экенин белгилеген.
Булардан сырткары, Херсон, Запорожье облустарында да референдум өтүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Биз 8,5 жыл күткөнбүз". Донбасс тургундары референдум тууралуу. Видео