26-сентябрга карата аба ырайы

26-сентябрга караган түнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ошто +30...+32 градуска жетет.
Ысыктын илеби кайтабы? Кыргызстандагы бир жуманын аба ырайы