Кышкысын бөлмөдөгү кургак аба кандай ооруларды пайда кылары айтылды

Дарыгердин айтымында, үйдүн ичиндеги абада нымдуулук болжол менен 60-80 пайызга жетиши керек. Бирок от жагыла баштаганда бул көрсөткүч кыйла төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. От жагыла баштагандан кийин үйдөгү кургак аба дем алуу органдарында ар кандай илдеттердин пайда болушуна таасир этет. Өзгөчө астма оорусун күчөтчү шарттар түзүлөрүн медицина илимдеринин доктору Сергей Хомяковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анын айтымында, үйдүн ичиндеги абада нымдуулук болжол менен 60-80 пайызга жетиши керек. Бирок от жагыла баштаганда бул көрсөткүч эки-үч эсеге төмөндөйт.
"Мурундун былжыры кургап, бактериялар менен инфекциялар организмге тоскоолдуксуз өтүп калат. Мындан тышкары, дем алуу органдарынын фарингит, ларингит, бронхит жана астма сыяктуу ооруларынын курчушуна шарт түзөт", — деди дарыгер.
Адис белгилегендей, былжыр челдин кургап калышын адамдын көп коңурук тарта баштаганынан билсе болот. Ошондой эле киши бат-баттан жөтөлүп калат. Мындан көбүнесе балдар жабыркашат.
Дарыгер отуруп иштеген адамдар ден соолугун кантип сактап калса болорун айтты