Эл эмгектен эскерсин. Мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин сүрөттөгү ирмемдери

Быйыл мамлекеттик жана коомдук ишмер Арстанбек Дүйшеевдин 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Сентябрь айынын башында президент Садыр Жапаров Арстанбек Дүйшеевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарды.
Арстанбек Дүйшеев 1932-жылы 16-сентябрда Чүй облусундагы Кичи-Кемин айылында жарыкка келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келип, элеттеги мектепте билим алып чоңойгон. Андан соң Айыл чарба институтунан ветеринар адистигин алып, Жумгал, Тоң районундагы чарбаларда мал доктурлукту аркалап, кийин колхоздун башчысы болгон. 1960-71-жылдары Жумгал райкомунун экинчи катчысы, Өзгөн райкомунун жана Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы болуп эмгектенген.
Мамлекеттик ишмер бир топ жогорку кызматтарда иштеп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин, 1986-2003-жылдары, Ветеринария илим-изилдөө институтун жетектеген.
Айыл чарбага эмгек сиңирген кызматкер, ветеринария илимдеринин кандидаты 2003-жылы 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
1 / 15

Арстанбек Дүйшеев эмгек жолун колхоздо ветеринар болуп баштаган

2 / 15

Болочоктогу мамлекеттик ишмер дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан

3 / 15

Жаш ветеринар тажрыйба топтоп иштеп жүрүп, колхоздун башчысы болгон

4 / 15

Элетте кадыр-барк топтогон мал доктур кесиптештери менен

5 / 15

Мамлекеттик ишмер Жумгал, Өзгөн райондорун, Ысык-Көл облусун башкарган

6 / 15

Дүйшеев мыкты чарбакер, уюштуруучулугу менен башкалардан айырмаланган

7 / 15

Өзгөн райкомунун биринчи катчысы жакшы жыйынтыктарды көрсөткөндүктөн 1968-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине катчы кызматына чакырылган

8 / 15

Партиялык ишмер 1971-79-жылдары Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген

9 / 15

Ветеринария илимдеринин кандидаты жубайы экөө беш уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

10 / 15

Дүйшеев СССРдин Жогорку Советинин IX-X чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган

11 / 15

Мамлекеттик ишмер 1979-жылдан баштап 1981-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы болгон. Ошол эле маалда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Ал жылдары Дүйшеев эмгек өргүүгө кеткен Брежневдин убактылуу милдетин аткарган жайы да бар.

12 / 15

Эл башында турган Арстанбек Дүйшеев менен Турдакун Усубалиев жакшы мамиледе болгон

13 / 15

Кемеде отурган Арстанбек Дүйшеев жана Апсамат Масалиев замандаштары менен

14 / 15

Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер Ветеринария илим-изилдөө институтун көп жыл жетектеген

15 / 15

Коомдук ишмер 2002-жылы III даражадагы Манас орденине татып, кийинки жылы көз жумган

Тема боюнча:
Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери
Залкарлардын батасын алып... Айтылуу акын Замирбек Үсөнбаевдин сүрөттөрү