БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкекте бир айдан кийин айыл чарба жарманкелери өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жарманкелер 24-25-октябрдан тарта 2023-жылдын 15-майына чейин ар дем алыш сайын Раззаков — Киев, Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулуп турмакчы.
"Анда фермерлер шаар тургундарына азык-түлүктү дүң баада сатышат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик ишкерлерди жарманкелерге катышууга чакырды. Суроолор болсо 0 (312) 62-36-82, 0 (555) 22-03-62, 0 (701) 83-38-55 (WhatsApp) телефондоруна чалууга болот.