Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Оккупант болуп каласыңар. Запорожьедегилер Украинага эскертүү кылды

23-27-сентябрь аралыгында ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарында Россиянын курамына кирүү боюнча референдум өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Украиналык аскерлер Запорожье облусунун калган бөлүгүн таштап чыгып кетиши керек. Болбосо референдумдан кийин алар оккупанттар деп эсептелет. Бул туурасында аймактык администрациянын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов РИА Новостиге айтып берген.
Бүгүнкү күндө россиялык аскерлер Запорожье облусунун аймагынын 73 пайызын көзөмөлгө алып турат. Калган 27 пайызы аймактын борборун кошкондо Киев режиминин карамагында.
"Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье облусунун калган аймагын таштап чыгып кетиши керек. Болбосо референдум өтүп, аймак Украинадан чыгып Россия Федерациясынын курамына киргенден кийин аскерлер оккупант, ал эми алардын кадамы Россияга карата жасалган агрессия катары саналат", — деп айткан Рогов.
ДЭР жана ЛЭРдин коомдук палаталары 19-сентябрда республикалардын жетекчилери Денис Пушилин менен Леонид Пасечникке Россиянын курамына кирүү боюнча демилге көтөрүп, тез арада референдум өткөрүү сунушу менен кайрылган. Эртеси күнү эки республиканын бийлиги референдум 23-27-сентябрь ичинде өтөрүн билдиришкен. Аны менен катар эле 20-сентябрда жалпы элдик добуш берүү болорун Херсон жана Запорожье облустарынын администрациялары да кабарлашкан.
Аталган аймактын өкүлдөрү Россиянын курамына кирүү алардын коопсуздугун камсыздап, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирерин белгилешкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон облусунда референдум 23-27-сентябрда өтө турган болду