БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бүгүн чет элдик ЖМКлар жана элчиликтердин өкүлдөрү Баткендин чек арасында кандай окуялар болгонун көрүш үчүн аталган облуска жөнөп кетишти. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Борбор Азиядагы коопсуздук — Россия менен Кытайдын кызматташуусу" деп аталган иш-чарага катышты.
"Бүгүн Кыргызстанда катталып, иш алып барып жаткан чет элдик ЖМКлар жана элчиликтердин өкүлдөрү Баткенге чыгып кетишти. Ал жакта эмне болгондугун өз көзү менен көрүшөт. Тажикстанды курулай күнөөлөп жаткан жокпуз. Биз тартып калган видео, сүрөт далилдер бар. Ал жерлерде тергөө топтору иштеп жатат. Дүйнөлүк коомчулукка материалдык далилдерди көрсөтүүгө даярбыз", — деди Иманкулов.
Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директору Азиз Канатбек Кыргызстан чет элдик дипломаттар менен журналисттерге кандайдыр бир позицияны таңуулабай тургандыгын, болгону чек арада өткөн кандуу булоондо эмне жасалганын көрсөтүү максаты бар экенин айтты.
"Толук объективдүүлүк болот", — деп кошумчалаган ал.
Тажикстандын Кыргызстанга жасаган баскынчылыгы
Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Кагылышууга тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашканы айтылды.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшкөн. Алар 17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
18-сентябрда атышуу токтоду, чек арада абал толук турукташа электиги айтылды.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө тажик тарап Кыргызстанга чыккынчылык менен кол салганын белгилеген.