19 жаштагы чек арачы Зулпидин Бурканидин уулу Чоң-Алай районунда туулган. Ал Баткендин Ак-Сай айылындагы заставада кызмат өтөп жаткан. 16-сентябрда Тажикстандын аскерлери бастырып кирип, каршылаштар менен кандуу кармаш болгон.
"Гранатомёт түштүбү, минабы, билбейм. Кийимимдин бир капталы күйүп кетти. Ошол бойдон түнгө чейин аткылашып жүрө бердим. Жаагым кулагыма чейин күйүп кеткенин кийин билдим", — деди жоокер.
Жаракат алганына байланыштуу аны 17-сентябрь күнү Исфана шаарына ооруканага жөнөтүшкөн.
"Ал жерден Чоң-Алайды да Тажикстандын аскерлери аткылап жатышканын уктум. Байланыш жок, ата-энемден сарсанаа болдум. Кийин байланышсам баары аман экен", — дейт Бурканидин уулу.
Ал чогуу кызмат өтөгөн төрт жоокерди жана эки сержантты жоготконун кошумчалады.
Тема боюнча: