Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына барды

Мамлекет башчы сапардын алкагында уюмдун баш катчысы менен жолугат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Жапаров Гуттериш менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулай турганы айтылган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
ШКУ чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды