Дарыгерлер сүт азыктары кайсы оорулардан коргой турганын аныкташты

Бир стакан сүт экинчи типтеги кант диабетинин өрчүү тобокелчилигин 10 пайызга азайтса, кефир менен быштак беш пайызга, табигый йогурт алты пайызга төмөндөтөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Италиялык окумуштуулардын изилдөөсү сүт азыктары экинчи типтеги кант диабетинин өрчүү тобокелчилигин азайта турганын көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, канттын жогоруда аталган түрү башкаларына салыштырмалуу көбүрөөк тараган. Ал уйку без инсулинди жетиштүү көлөмдө иштеп чыга албай калганда пайда болот.
Оору өрчүп кетпеш үчүн адистер жашылча-жемиш, зайтун майын, дан азыктарын сунушташкан. Ошондой эле сүт азыктары дагы миңдин бири. Окумуштуулар бир стакан сүт экинчи типтеги кант диабетинин өрчүү тобокелчилигин 10 пайызга азайтса, кефир менен быштак беш пайызга, табигый йогурт алты пайызга төмөндөтө турганын аныкташкан.
"Сүт азыктары витаминге жана башка биологиялык активдүү кошулмаларга бай. Алар глюкозанын метаболизмине жакшы таасир этип, организмде кантты кайра иштетүүгө көмөктөшөт", — деген адистер.
Дарыгерлер бул азыктарды аша чаппай, аз-аздан колдонууну сунушташкан.
Толук кандуу тамактанууда эмнеге маани бериш керек? Нутрициологдун кеңеши