Кайыр сурачу. Бишкекте Бейшегүл Мамеркулова изделүүдө. Белгилери

Аялдын үйүнөн 3-августта чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкекте 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова изделип жатканын Ленин РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
5-августта милицияга С.Б. аттуу шаар тургуну 65 жаштагы эжеси дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аял 3-августта саат 14:00 чамасында Чүй жана Жаш гвардия проспектилеринин кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.
"Азыркы тапта жоголгон аялдын кайда жүргөнү белгисиз", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт Ленин РИИБдин Бирдиктүү реестрине катталган.
Изделип жаткан аялдын белгилери:
Бою болжол менен 152-155-сантиметр, орто бойлуу, чачын бир аз ак баскан, калың кара каштуу, көздөрү чоң. Ал жашыл түстөгү көйнөкчөн жана кара түстүү жайкы бут кийимчен жүргөн.
Мамеркулованын спирт ичимдигин колдонуп, кайырчылык кылары айтылды.
Милиция аялды көрүп-билгендер 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102 телефон номерлерине чалып коюуну өтүндү.
Ак-Суу районунда жоголгон үч кичинекей бала аман-эсен табылды