Америка Европаны каатчылыктан куткаруудан баш тартты. Кезерчү кез али алдыда

Жай жаңы эле узап, кыш кылычын сууруй элек кезде ашкере мактаган Батыштын ынтымагы ыдырай баштаарын күткөн эмеспиз. Басма сөздө энергетикалык ресурстардын таңсыктыгынан АКШ Европаны сактап кала албастыгы ачык эле айтылууда.
Sputnik
Америкалык мунай жана көгүлтүр от компанияларынын жетекчилери өз маектеринде баары бир ооздон ушундай пикирлерин билдирип, Европаны олуттуу сыноолорго даяр турууга үндөшөт. Алардын айтымында, өндүрүш кыскарып, кубаттуулук маал-маалы менен өчүрүлүшү да мүмкүн. Андай билдирүүлөргө Сергей Савчук көз жүгүртүп, талдап чыккан. Серепчинин макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Эң кызыгы, россиялык көмүр, мунай жана көгүлтүр отту алууга каршы бардык чараларды көрүүгө Брюсселден дал Вашингтон өктөм талап кылган. Муну менен алар киргизилген чектөөлөр россиялык экономиканы чабалдатып, бюджетти эңшерет деп ишенишкен. Анткени РФ энергетикалык ресурстарды сыртка, атап айтканда, эзелтен негизги рынок болуп эсептелген Европага сатуудан түшкөн пайда менен гана жан сактайт деп ойлошкон.
Кошмо Штаттар өзүнүн сланецтик мунай жана суюлтулган газы менен жабдууну улам кайталагандыктан эртең кантер экенбиз деп чочулоонун кажети жоктой туюлган. Бирок россиялык көмүр сатып алууга толук тыюу салуу жана мунайдын баасына чек коюу аракеттеринен кийин алардын ордун кантип толтуруу көйгөйү жаралды. Башка өлкөлөрдөн келген продукциялар кескин кымбаттап кетти. Мисалы, энергетикалык маркалардагы көмүрдүн тоннасы 350 доллардан түшпөй турат. Мындай баа былтыркыга салыштырмалуу кеминде эле үч эсе жогору.
Мунай рыногундагы кырдаалды АКШ каржы министри Жэнет Йеллен кыйла так, жеткиликтүү сүрөттөп берди. Россиялык мунайды импорттоого толук тыюу салынган соң (мындай чара дале каралууда) баа кескин өсүп, анын бир челегине 100 доллардан сурай башташарын белгиледи ал. Америкалык айрым экономисттер жана аналитикалык агенттиктер бул 120-140 долларга дейре чыгарын болжошууда.
Америкалыктар чындап эле европалык импорттогу өз үлүшүн бир топ көбөйттү. Маселен, апрель айында америкалык мунайчылар европалык досторуна суткасына рекорддук 1,5 миллион баррелге көп бере баштаган. Табигый газдын экспортунун көлөмү да жогорулаган. Мисалы, июль айында эле америкалыктар европалык портторго жалпы 57 миллиард куб метрлик көлөмдө суюлтулган көгүлтүр отту жеткиришкен.
Бул көрсөткүч сыртка сатылган газдын 68 пайызын түзгөн. Муну менен гана чектелбестен президент Байдендин администрациясы көлөмдү дагы көбөйтөрүн, ал тургай кошумча 15 миллиард куб метр берилет деп так саны да айтылган. Иш жүзүндө рынок кайрадан бөлүштүрүлүп, бир сатуучу сатып алуучу катуу коркутуп, экинчи жагынан убадаларын жаадырып, натыйжада рыноктон атаандашын гана сүрүп чыгарды. Мындай схема кылмыш элементтери, рэкетирлер колдонгон 90-жылдарды эске салат.
Forbes: Россиянын газы жок Европа орто кылым дооруна кайтууда
Азырынча коңур күз. Океан ар жагындагы риторика кескин өзгөрдү. Аны кыскача жана жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, "мунай жана көгүлтүр от жок, бирок силер белиңерди бекем буугула" деген тейдеги кол куушуруу. Мисалы, бул секторго салым салууга адистешкен Quantum Energy Partners ири акционердик компаниясынын өкүлү мунай казууну жана газ алууну жогорулатуу ушул тапта да, жакынкы келечекте да мүмкүн эместигин билдирет.
"Мунай боюнча да, көгүлтүр от боюнча да көмөк көрсөтүлбөйт", — дейт так кесе компаниянын жетекчиси. Муну Pioneer Natural Resources бургулоочу компаниясынан кесиптеши да айтат. Анын директору АКШда мындай иш алып барган бураналардын саны соңку жылдары дээрлик өзгөрүүсүз, жогорулатуу планда да жоктугун тактайт.
Ал гана эмес чийки мунай өндүрүшүн суткасына бир миллион баррелге азайтуу да күтүлөт. Европа биримдиги тарабынан чектөө дээрлик чечилген маселе десек, жыл аягында Европага россиялык мунай жана анын өндүрүмдөрүнүн экспорттук көлөмү кеминде эле 20 пайызга төмөндөйт.
Соңку соодалашууда мыкты саналган Brent үлгүсүнүн челеги 95 долларда кармалып турду. Ал эми жакында жабдуу азаярын жана океан ар жагындагы билдирүүлөрдү эске алсак, көгүлтүр от түк арзандабастыгы анык.
Европа биримдигине берилген табигый газдын экспорту 50 миллиардга – былтыркы жыйынтыктарга салыштырмалуу үчтөн бир көлөмгө кыскарары тууралуу Александр Новактын билдирүүсү отко май чачкандай болду. Бирок бул россиялык бюджетке киреше кирбей калат дегенди туюндурбайт.
Жакын арада "Сибирь күчү — 2" магистралдык газ түтүгүнүн курулушун макулдашуу боюнча акыркы сүйлөшүүлөр жүрөт. Эске салсак, анын кубаттуулугу – дал ошондой көрсөткүчтө, тагыраак, 50 миллиард куб метр. Ушул түтүк аркылуу 20 миллиард куб метрден кем эмес көгүлтүр от өткөрүлөт.
Владивостоктон Кытайдын түндүгүнө көүлтүр от берүүчү газ түтүгү да иштелип чыгууда. Бул дагы 10 миллиардды кошот. Албетте, бул долбоорлор эртең эле ишке ашып кетпейт деңизчи, анткен менен россиялык рынокту керектөөсү чексиз Азия – Тынч океан чөлкөмүнүн аянтчасы менен байланыштырат.
Америкалык энергетиктердин билдирүүлөрүнө токтолсок, баарын – Европанын өзүндө элдин нааразычылыгы күчөп, саясий блоктун кулашына чейинки көрүнүштөрдү күтүүгө болот.
Жакында эле Польшанын премьер-министри учурдагы каатчылыктын жаралышына Германияны айыптап, катуу сынга алган. Моравецкий Европанын энергетикасы кыйрап, ал эми буга көмүр жана атомдук электр станцияларынан Берлиндин эрте баш тартышы, "Түндүк агымдардан" терең көз карандылыгы себеп экенин белгилеген.
Ошол эле Польша немецтерден Экинчи дүйнөлүк согуш убагындагы оккупация жылдары үчүн репарация – триллион доллардан ашуун көлөмдө төлөм талап кыларын жар салды. Саясий кризистин мынчалык тереңдиги энергетикалык ресурстардын каатчылыгынан улам келип чыкканы айкын. Мамлекеттер аралык риториканын күч алышы Европанын каатчылыгын даана чагылдырат. Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, коңшуларынын арасынан айыптууларды да издөөдө.
Азыркы каатчылык АКШ тарабынан жаралганы, кокус биримдик ыдырай баштаса Европага эч ким кол сунбай турганы айдан ачык. Балким, каатчылыкты жараткандар дал ушундай жыйынтыкты күткөн чыгар.
Каатчылыкка капталган Батыш: европалыктар Путин жеңди деген пикирде. Сереп