Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тараптын аткылоосунан жаракат алган кыргызстандыктардын саны 121ге жетти

Расмий бийлик органы жарадарлар тууралуу саат 14:00гө карата маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажик тараптын аткылоосунан жаракат алган кыргызстандыктардын саны 121ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ведомство саат 14:00гө карата маалымат берген.
Жалпы жонунан 121 киши ооруканаларга кайрылган, анын ичинен жетөө үй шартында дарылоого жөнөтүлдү.
Калгандары төмөнкү ооруканаларда жатышат:
Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41;
Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борбору (ЖДПБ) — 35;
Кулунду ЖДПБ — 3;
Сүлүктү ЖДПБ — 6;
Улуттук госпиталь — 21;
Улуттук хирургиялык борбор — 1;
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 6;
Ош облустук бириккен ооруканасы — 1.
Буга чейин куралдуу кагылышууда 24 мекендеш набыт болгону кабарланган. Жаракат алгандардын 27си Бишкектеги ооруканаларга алып келинди. Анын алдында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдан көп адам каза болгонун, алар аскер кызматкерлери экенин айткан.
Тажикстан жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.
Ушу тапта чек арада абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Таята-таенеси 4 небереси менен. Баткенде ок тийген 6 бала Бишкекте дарыланууда