БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын аймактарын кайрадан аткылай баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, саат 18:30га карата чек арада абал курч бойдон калууда.
"Тажикстандын аскерлери Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Кулунду аймактарын көздөй ок чыгарууда. Баткен районунда тажик тараптын залптык октун реактивдүү тутумун пайдаланганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын чек арачылары ок атууну токтотуу үчүн бардык аракетин көрүп жатканы кошумчаланды.